Ажылык-2027: Зыяратчыларды каттоо эми онлайн жүргүзүлөт

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында (КМДБ) 2027-жылдагы умра жана ажылыкты уюштуруу боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу КМДБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйында алдыдагы иштердин планы талкууланып, ажыларды каттоо, зыяратчыларды ташый турган авиакомпанияны тандоо, эмдөө иштерин уюштуруу жана ажылар үчүн бирдиктүү форма даярдоо маселелери каралды.
Ошондой эле 2027-жылдагы ажылыкка каттоо жаңы эрежелер менен жүргүзүлөрү белгиленди. Каттоо «Умра-Ажылык» аттуу мобилдик тиркеме аркылуу бирдиктүү санариптик система негизинде жүргүзүлөт.
Бул тиркеме аркылуу:
ажылыкка кезекке туруу;
квоталарды бөлүштүрүү;
төлөмдөрдү жүргүзүү;
жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана кароо;
ошондой эле башка кызматтарды алуу мүмкүн болот.



