Орусияда эмгек мигранттарына карата талаптар күчөтүлдү

Орусиянын президенти Владимир Путин эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлкөдө жүрүү тартибине коюлган талаптарды күчөткөн мыйзамга кол койду. Документ расмий укуктук маалымат порталында жарыяланды.
Мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк эмгек мигранттары өздөрүн жана өздөрү менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүн тиешелүү аймакта белгиленген жашоо минимумунан төмөн эмес деңгээлде камсыздоого милдеттүү.
Эгер мигрант бир эле учурда бир нече аймакта иштесе, анда ошол аймактардын ичинен жашоо минимуму эң жогору болгон көрсөткүч эске алынат.
Эгер бул талап аткарылбаса, мигранттын эмгек патенти же иштөөгө уруксаты узартылбайт. Андан кийин ал жашы жете элек балдары менен кошо 15 күндүн ичинде Орусиядан чыгып кетүүгө тийиш.
Ошондой эле чет өлкөлүк жумушчунун балдарынын убактылуу өлкөдө болуу мөөнөтү ата-энесинин патентинин мөөнөтүнөн ашпоого тийиш. Алар 18 жашка толгондон кийин өз алдынча эмгек патентин тариздеши же 30 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетиши керек.
Мындан тышкары, мыйзам эмгек мигранттарын өздөрү жана жашы жете элек балдары үчүн жеке киреше салыгы боюнча алдын ала төлөмдөрдү төлөөгө милдеттендирет.



