Бишкекте массалык башаламандыктарга чакырык жасаган жарандын жаңы мыйзам бузуу фактылары аныкталды. ВИДЕО

Бишкекте массалык башаламандыктарга чакырык жасаган деген шек менен кармалган жарандын кылмыш иши боюнча жаңы мыйзам бузуу фактылары аныкталды.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2025–2026-жылдары болгон кеминде төрт окуя аныкталып, анда шектүү жарандарга карата физикалык зомбулук көрсөтүлгөн учурларды видеого тартып жүргөнү белгилүү болгон.
Маалыматка ылайык, жабырлануучулар сабалып, алардын ар-намысы жана кадыр-баркы басмырланып, эл алдында кечирим суроого мажбурланган. Үч окуя боюнча жабырлануучулардын өздүгү аныкталып, алар менен зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Дагы бир окуя боюнча жабырлануучу кыздын өздүгү жана болгон окуянын жагдайлары такталууда.
Кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.
Эске салсак, буга чейин ички иштер органдары 2003-жылы туулган О.А. аттуу жаранды кармаган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал социалдык тармактар аркылуу мыйзамсыз митинг уюштурууга, массалык башаламандыктарга жана жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакырыктарды тараткан.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө, массалык башаламандыктарга жана жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») боюнча кылмыш иши козголгон.



