Коом

Бишкекте чет өлкөлүк жарандар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери УКМКнын өкүлдөрү менен биргеликте чет өлкөлүк жарандардын арасында профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.

Текшерүүгө экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери да катышты.Чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптары, коомдук тартипти сактоо эрежелери, миграциялык мыйзамдарды аткаруу жана аларды бузган учурда каралган жоопкерчилик тууралуу түшүндүрмө берилди.

Мындан тышкары, аларга мыйзам бузган учурда мыйзамда каралган чаралар көрүлөрү эскертилди. Айрым учурларда чет өлкөлүк жаранды өлкөдөн чыгарып жиберүү чечими да кабыл алынышы мүмкүн.

Октябрь РИИБ мындай профилактикалык иш-чаралар чет өлкөлүк жарандардын арасында мындан ары да улантыларын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button