Жунушалиев курулуштардын сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жолдорду жана социалдык объектилерди оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди.
Мэриядан билдиришкендей, №57 мектепти текшерүүдө шаар башчысы билим берүү мекемесинин учурдагы тосмосун заманбап темир тор тосмо менен алмаштырууну тапшырды.
Ал эми Жаш Гвардия бульвары менен Шабдан баатыр (мурдагы Лев Толстой) көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы транспорттук түйүндүн жана көпүрөнүн курулушуна барганда мэр жээкти бекемдөө иштери менен катар дарыя боюнда шаар тургундары үчүн сейилдөө жана эс алуу аймагын түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну айтты.
Ошондой эле подрядчы уюмга кошумча жумушчу күчтөрдү тартуу жана курулуштун темпин тездетүү керектиги айтылды.
Мындан тышкары, Айбек Жунушалиев Муром көчөсүндө Аалы Токомбаев проспектинен Гагарин көчөсүнө чейинки тилкеде жол курулушу менен катар жеке турак жайлардын тосмолорун бирдиктүү архитектуралык стилде жаңылоо зарылдыгын белгиледи.
Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы муниципалдык жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган бардык объектилерге тиешелүү эскертмелерди берүүнү тапшырды.
Муну менен катар ал бардык курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну, белгиленген мөөнөттөрдү так сактоону жана буга чейин берилген бардык тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү милдеттендирди.



