Коом

Кыргызстанда 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык октябрга чейин толук аякташы керек

Бүгүн, 10-августта Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери, облустардагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, тиешелүү мекеме жана ишканалардын жетекчилери катышты.

Энергетика министрлиги өлкөдөгү суу-энергетикалык абал жана отун-энергетикалык комплекстин алдыдагы жылытуу мезгилине даярдыгы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, быйыл республикада электр энергиясын керектөө 19,6 млрд кВт⋅саатка жетери күтүлүүдө. Анын 15,5 млрд кВт⋅сааты өлкө ичинде өндүрүлүп, 4,1 млрд кВт⋅саат көлөмүндөгү тартыштык импорттун эсебинен жабылат.

Ошондой эле учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз экени белгиленди.

Жыйындын катышуучулары электр энергиясын ички керектөөнүн белгиленген лимиттерин так сактоо жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле гидроэлектр станцияларындагы гидроагрегаттарды жана жылуулук электр борборун оңдоо иштерин бекитилген графикке ылайык өз убагында бүтүрүү тапшырылды.

Отун менен камсыздоо маселесине да өзгөчө көңүл бурулду. 2026-2027-жылдардагы жылытуу мезгилине республика боюнча 45,5 миң тонна мазут жана 3 млн 408,5 миң тонна көмүр талап кылынат. Зарыл болгон отундун көлөмдөрү бекитилген графикке ылайык кампаларга жеткирилүүдө. Ошол эле учурда тендердик жол-жоболор өткөрүлүп, тиешелүү келишимдер түзүлүүдө.

Республиканы жаратылыш газы менен камсыздоо боюнча 2026-жылы газдаштыруу жана долбоордук-изилдөө иштери улантылып жатканы маалымдалды.

Мындан тышкары, Бишкек жана Ош шаарларындагы жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын, аймактардагы муниципалдык жылуулук ишканаларынын жылытуу мезгилине даярдыгы, ошондой эле бюджеттик мекемелерди зарыл болгон отундун түрлөрү менен камсыздоо жана аларды кыш мезгилине даярдоо маселелери каралды. Жооптуу жетекчилер бул багыттардагы даярдыктын учурдагы абалы тууралуу маалымат беришти.

Жыйындын жыйынтыгында Эрлист Акунбеков министрлердин, облустардагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, мэрлердин, акимдердин, муниципалдык ишканалардын жана энергетикалык компаниялардын жетекчилеринин алдыдагы жылытуу мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдануу, ошондой эле анын туруктуу өтүшүн камсыз кылуу боюнча жеке жоопкерчилигин белгиледи.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жетекчилерине бир катар протоколдук тапшырмалар берилди. Алардын ичинде оңдоо жана реконструкция иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү, энергетикалык объектилерди күз-кыш мезгилинде максималдуу кубаттуулукта иштөөгө даярдоо, ошондой эле энергетикалык ишканаларды керектүү көлөмдөгү көмүр менен өз убагында камсыз кылуу тапшырмалары бар.

Бекитилген графикке ылайык, өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча бардык иштер үстүбүздөгү жылдын октябрь айына чейин толук аякташы керек.

Тектеш кабарлар

Back to top button