Коом

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү катталды

2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү катталды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эң жогорку өсүш Ош шаарында – 176,7 пайыз, Баткен облусунда – 127,8 пайыз, Ош облусунда – 122,9 пайыз, Ысык-Көл облусунда – 122,5 пайыз жана Чүй облусунда – 119,1 пайыз болгон.

Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү Нарын облусунда 581,7 пайызга, Ош шаарында 393,9 пайызга, Баткен облусунда 382,9 пайызга өскөн.

Министрлик инвестициялардын жана мамлекеттик программалардын көбөйүшү аймактардын экономикалык активдүүлүгүнө оң таасир берип, жаңы өндүрүштөрдү жана туруктуу жумуш орундарын түзүүгө шарт түзүп жатканын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button