Коом

Япония Кыргызстанга жол техникасын сатып алуу үчүн 4 миллион долларга жакын грант берет

Кыргызстандын Финансы министри Руслан Сыйналиев менен Япониянын Тышкы иштер министринин парламенттик орун басары Эри Арфия кайтарымсыз жардам көрсөтүү боюнча ноталарды алмашып, гранттык келишимге кол коюшту.

Гранттын жалпы суммасы 533 миллион иенаны, башкача айтканда, болжол менен 4 миллион долларды түзөт.

Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бөлүнгөн каражат жол-транспорт техникасын сатып алууга жумшалат. Бул Кыргызстандын техникалык базасын жаңыртып, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана модернизациялоо иштеринин натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт.

Жолугушууда тараптар саламаттыкты сактоо, энергетика, чакан жана орто бизнести колдоо, шаардык транспорт жана санариптештирүү тармактарындагы мындан аркы кызматташтыкты да талкуулашты.

Мындан тышкары, JDS стипендиялык программасына өзгөчө көңүл бурулду. Бул программа 2026-жылы 20 жылдыгын белгилейт.

Тектеш кабарлар

Back to top button