Коом

Кыргыз-кытай өткөрмө пункттары жаатында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр өттү

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда кыргыз-кытай өткөрмө пункттарын башкаруу жаатында кызматташуу тууралуу келишимдин долбоору боюнча сүйлөшүүлөр өттү.

КР Мамлекеттик бажы кызматы билдиргендей, документтин долбоорунда өткөрмө пункттарын башкаруу жаатындагы кызматташтык боюнча кыргыз-кытай комитетин түзүү, ошондой эле айрым өткөрмө пункттар боюнча жумушчу топторду түзүү каралган.

Белгиленгендей, өз ара аракеттенүүнүн жаңы механизмдери эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын ортосундагы координацияны жакшыртып, чек ара өткөрмө пункттарынын ишине байланыштуу маселелерди ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берет.

Ведомствонун маалыматына караганда, келишимди парафирлөө кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүдө жана эки өлкөнүн мамлекеттик түзүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү этап болот.

Документке Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө кол коюу пландалууда. Сапар Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында өтөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button