ШКУ саммити учурунда коомдук транспорт каттайбы?

Бул тууралуу “Спутник Кыргызстан” агенттиги жазып чыкты.
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити учурунда Бишкекте коомдук транспорт өз багыты боюнча кадимкидей каттамга чыгат, бирок көчөлөрдүн маал-маалы менен жабылышына байланыштуу тыгындар жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиев билдирген.
Анын айтымында, шаардыктарды адаштырбоо үчүн автобустардын каттам багыттары өзгөртүлбөйт жана транспорт эртең мененки саат 06:00дөн кечке чейин штаттык режимде иштейт.
«Коомдук транспорттун ишинде үзгүлтүк болбойт. Болгону айрым көчөлөр жабылган учурда автобустар да тыгында туруп калышы ыктымал. Ошондуктан шаар тургундарынан бул күндөрү жүрүү багыттарын жана эс алуусун алдын ала пландаштырууну суранганбыз», — деди калаа башчысы.
Жунушалиев делегациялар өтүүчү көчөлөрдүн боюндагы коммерциялык объектилер менен базарлардын ишине убактылуу чектөө киргизилип жатканын тастыктады. Максат — шаардын транспорттук түйүнүнө түшкөн оорчулукту азайтуу.
Мэрдин маалыматы боюнча, райондук администрациялар тиешелүү эскертүүлөрдү мекемелерге таратып жатат. Болжол менен чектөөгө 30дан ашуун объект туш болот.
Ал эми коопсуздук чараларынан улам делегациялардын так жүрүү маршруттары ачыкталбайт.



