Окуялар

«Ала-Тоо» аянтында мушташкан өспүрүмдөргө айып пул салынды

19-августка караган түнү Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында өспүрүмдөр арасында мушташ болгон.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, окуяга катышкан бардык өспүрүмдөр аныкталып, жашы жете электер менен иштөө инспекторлору тарабынан Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын №5 милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция кызматкерлери окуянын жагдайларын аныктоо үчүн тиешелүү иштерди жүргүзүшкөн. Өспүрүмдөр менен профилактикалык жана түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Жашы жете электердин ата-энелерине карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренеси («Ата-энелик милдеттерди аткаруудан качуу») боюнча протоколдор түзүлүп, тиешелүү өлчөмдө айып пул салынды.

Кийинчерээк өспүрүмдөр ата-энелерине же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилет.

Тектеш кабарлар

Back to top button