Окуялар

«Кылым банк» президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлдү

Мамлекеттик «Кылым банк» президенттин иш башкармалыгына өткөрүлөт. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

Документке ылайык, министрлер кабинетине банктын акционери боюнча функцияларды иш башкармалыкка өткөрүп берүү тапшырылды. Жарлык август айынын аягында күчүнө кирет.

«Кылым банк» 1 миллиард сом уставдык капитал менен былтыр түзүлгөн. Аны 2027-жылга чейин 5 миллиард сомго жеткирүү пландалууда.

Банк баалуу кагаздар боюнча эсептешүү жана клиринг операцияларын жүргүзүп, аларды сактоо жана эсепке алуу кызматтарын көрсөтөт. Ошондой эле Кыргызстанда борбордук контрагенттин, улуттук депозитарийдин жана нумерация боюнча агенттин функцияларын аткаруусу каралган.

Тектеш кабарлар

Back to top button