Коом
22-августка карата аба ырайы

Бүгүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө +29…+34, Талас чөлкөмүндө +25…+30, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +22…+27 градус ысыйт.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +29…+31 градусту көрсөтөт.



