Коом
Мопед, скутер жана «желмаян» айдоо үчүн күбөлүк талап кылынат

Кайгуул милициясы мопед, скутер жана «желмаян» айдоо үчүн А1 категориясындагы күбөлүк талап кылынарын эскертти.
Маалымдалгандай, аталган электрдик транспорт каражаттары мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, тиешелүү документтер менен башкарылышы керек.
Жол эрежесин бузган айдоочулар жоопкерчиликке тартылат. Ал эми мындай транспортту мас абалында башкаргандарга 80 миң сом айып салынып, эки жылга транспорт башкаруу укугунан ажыратылат.
Мекеме «буларга айдоочулук күбөлүк талап кылынбайт» деген маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.



