Кытай жана Непалда селден каза болгондордун жана дайынсыз жоголгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок

Кытай тараптын алдын ала маалыматына ылайык, Тибетте жана Непалда селден каза болгондордун жана дайынсыз жоголгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
26-августта Кытайдын Тибет автоном районундагы Шигадзе шаарындагы Цзилун уездинде сел жүргөн. Табигый кырсык Непалдын чек арага жакын аймактарына да таасирин тийгизген.
27-август саат 10:30га карата Тибетте табигый кырсыктан 3 адам каза болуп, 558 адам дайынсыз жоголгон. Дагы 2 адам куткарылган. Издөө-куткаруу иштери уланууда. Каза болгондордун, жабыркагандардын жана дайынсыз жоголгондордун саны такталууда.
Непал бийлигинин маалыматына караганда, өлкөдө 826 адам дайынсыз жоголгон, алардын 600гө жакыны чет элдик туристтер. Тибеттеги дайынсыз жоголгондордун арасында 260 чет өлкөлүк жаран бар.
Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги кырдаалга көз салып, Кытайдын мамлекеттик органдары менен байланышта болуп, Кыргызстандын жарандары тууралуу маалыматты тактап жатат.
Консулдук жардам керек болсо, Кыргызстандын жарандары төмөнкү номерлерге кайрыла алышат:
КР ТИМинин Консулдук департаменти: +996 999 312 002Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги: +86 130 0190 4346



