ӨКМ өлкөдөгү ири иш — чараларга байланыштуу коомдук коопсуздукту күчөттү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышына байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоого даярдыгын күчөттү.
Ведомствонун маалыматына караганда, учурда «Бишкек Арена» стадионунун аймагында ӨКМдин эки күжүрмөн эсеби нөөмөттө турат. Ошондой эле стратегиялык объектилерде мамлекеттик органдар жана күч түзүмдөрү менен биргелешкен коопсуздук иш-чаралары өткөрүлүүдө.
«Эки ири иш-чарага жалпысынан 607 кызматкер жана 36 атайын техника тартылат», — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ жарандарды жана иш-чараларга келген конокторду өрт коопсуздугунун талаптарын сактоого, электр жабдууларынан этият болууга жана жардыргыч заттарды, аэрозолдорду жана газ баллондорун колдонбоого чакырды.
Өзгөчө кырдаал жаралган учурда дүрбөлөңгө түшпөстөн, тиешелүү кызматтарга же 112 бирдиктүү номерине кабарлоо керек.



