Саясат

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын экинчи сессиясы 2-сентябрда ачылат

Кыргыз Республикасынын VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңеши экинчи сессиясын 2-сентябрда баштайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, депутаттар биринчи сессиясын 25-июнда жыйынтыктап, каникулга тараган.

Сессиялык мезгилде парламентке 182 мыйзам долбоору келип түшкөн. Алардын ичинен 145 мыйзам долбоору кабыл алынып, алардын 94үнө президент кол койгон.

Кабыл алынган мыйзам долбоорлорунун 115и Министрлер кабинетинен, 23ү Жогорку Кеңештин депутаттарынан, 6сы президенттен жана 1и Башкы прокуратурадан сунушталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button