Саясат

Бишкекте «ШКУ+» форматындагы жыйын өтүүдө

Бүгүн, 1-сентябрда, Бишкекте «ШКУ+» форматындагы жыйын өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирди.

Саммитке катышуу үчүн «Ырыс Ордо» конгресс-борборуна мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын делегация башчылары келишти.

Алардын арасында:

Египет Араб Республикасынын премьер-министринин орун басары Хусейн Мохамед Ахмед Исса;

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш;
Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан;

Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян;

Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын президенти Тхонглун Сисулит;

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух;

Того Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе;

Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев;

Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган.

Мамлекет башчыларын жана делегация жетекчилерин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.

Тектеш кабарлар

Back to top button