Коом

Алагөзов: «Бишкек Арена» стадионунун курулушуна 386 миллион доллар сарпталган

Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагозов «Бишкек Арена» стадионунун курулушунун жалпы баасы 386 миллион долларды түзгөнүн билдирди.

Анын айтымында, объект 60 миллион долларга курулган деген маалымат чындыкка дал келбейт.

«Урматтуу мекендештер!

Кечээ жакында “Бишкек-Арена” стадиону боюнча кыскача маалымат бердим эле. Мурда кызматкерлер, куруучулар жана тиешелүү адамдардын баары ШКУ менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүп, күнү-түнү бошобой жүргөндүгүнө байланыштуу, толук маалыматты ала алган эмеспиз. Бүгүн толук маалымат колго тийди, ошону жарыя кылууну туура көрдүм.

“Бишкек-Арена” стадиону 386 млн долларга курулуп бүтүптүр. “60 млн долларга бүттү” деген жалган сөз. Тээ башында стадион курулуп баштаганда 30-35 миң адам бата турган стадион куруу планы болгондо Камчыбек Ташиев болжол менен 60 млн доллардын тегерегинде салынып бүтөт деп айтканын эшиттик. Бирок бул суммага жөн гана Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион сыяктуу жөнөкөй эле стадион куруу планы менен башталган. Бирок кийин Президентибиз Садыр Жапаров баштапкы долбоорду түп-тамырынан бери өзгөртүп: “Кыргыздын боз үйү сымал болсун, ичинде соода борборлору, ресторан-кафелери, супермаркети, кинотеатрлары, спорт залдары жана балдар ойной турган аянтчалары менен курулсун, антпесек бул стадион дагы бюджеттин мойнуна олтурат. Бул стадион келечекте киреше бере турган мекемеге айланыш керек” — деп тапшырма берген. Ошентип долбоор түп тамырынан бери өзгөрүп, жалпы аянты 194 248 м² болду. Стадиондордун ар бир квадрат метри 2000 доллардан баштап 15 000 долларга чейин бүтөт экен. Ошондуктан Камчыбек Ташиев 30-35 миң адам бата турган стадионду 60-70 миллион доллардын тегерегинде бүтөт десе керек.

Эгер Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион сыяктуу жөнөкөй болуп курулуп калса, ал өзүн өзү актабаганы аз келгенсип, бюджеттин эсебинен жыл сайын миллиарддаган каражаттарды стадионду тейлөө үчүн коротууга жана эмгек акыларды төлөп берүүгө туура келет. Ошондуктан 52 миң адамды батыра турган, жогорудагыдай шарттары менен стадион болсун деп долбоорду чоңойткон.

Долбоорду чоңойткон дагы бир себеби ФИФАнын талабы боюнча дүйнөлүк мелдештер өтө турчу стадионго 50 миңден кем эмес адам батыш керек экен.

Биздин “Бишкек-Арена” стадиону кандай курулганы боюнча төмөндөгү маалыматтарга көңүлүңүздөрдү бурам:

* Жер тилкесинин аянты — 20 га (200 000 м²).* Курулуштун жалпы аянты — 194 248 м².* Курулманын диаметри — 280

* Бийиктиги — 70 м

* Кабаттуулугу — 8 кабат.

* Көрүүчүлөр үчүн орундуктар саны — 51 252.

* Сметалык баасы — 386 млн АКШ доллары.

* Соода борбордун жалпы аянты — 35 916 м².

* 48 дүкөн.

* 1 супермаркет.

* 18 соода күркөсү.

* 23 ресторан.

* 11 кафе.

* 4 кинотеатр залы.

* Балдар ойноочу аянтча.

* Спорт зал.

* Жалпы 5 087 м² аянттагы террасалар.

Мына ошентип “Бишкек-Аренанын” курулушунун жалпы суммасы 386 млн доллар болуп жатат. Бирок “Бишкек-Аренабыз” бул сумманы кыска убакытта эле актап тим болбостон, өмүр бою киреше бере турган мекемеге айланат. Азыртадан эле акча төлөп иш чара, концерттерди өткөрүү үчүн буйрутмалар түшө баштады.

Ушундай эле стадиондорду кайсыл өлкөлөр канча суммага курганын дагы назарыңыздарга салайын. Мисалы: АКШдагы Allegiant стадиону 65 000 орундуу. VIP, коммерциялык аймактары бар. Баасы – $1.9 млрдАнглиядагы 62 000 орундуу Tottenham Hotspur стадиону. VIP, ресторандар, коммерциялык аянттары бар.Баасы – $1.33 млрд.Сингапурдагы 55 000 орундуу Singapore улуттук стадиону. VIP, соода аймактары бар. Баасы – $1.31 млрд. Россиядагы 68 000 орундуу Krestovsky стадиону. VIP зоналары, унаа токтотуучу жайлары бар. Баасы – ~$1.1 млрд.Кытайдагы 60 000 орундуу Chengdu Fenghuangshan стадиону. VIP, соода аянтчалары бар. Баасы – ~$1 млрдАнглия 90 000 орундуу Wembley стадиону. VIP, ресторандар, коммерциялык жайлары бар. Баасы – ~$1.5 млрд. Австралиядагы 61 000 орундуу Optus стадиону.VIP, бар, ресторандар, унаа токтотуучу жайлары бар.Баасы – ~$1.2 млрд.AT&T стадиону башында $650 млн деп пландалган, соңунда 1.15 млрд доллар болуп кеткен экен. SoFi стадиону курулуш башталганда 2.6 млрд доллар деп эсептелген, кийин дээрлик $5 миллиарддан ашып кеткен. Индонезияда 82 000 орундуу Jakarta эл аралык стадиону жеңил конструкция менен (кыш болбойт) салынган. VIP, коммерциялык жайлары бар. Баасы – ~$600 млнКытайдагы 50 000 орундуу Qingdao Youth Football стадиону.VIP, заманбап фасад, коммерциялык жайлары бар. Баасы – ~$594 млн.Сенегалдагы 50 000 орундуу Stade du Sénégal стадиону жеңил конструкция менен (кыш болбойт) салынган.VIP, унаа токтотуучу жайлар, комерциялык аянттар, отель аймагы бар. Баасы – ~$420 млн.

Тилекке каршы, акыркы күндөрү “Биздин стадион 60 млн долларга курулду, кошуна өлкөлөрдүкү баланчага курулуптур” деп, кошуна өлкөлөрдүн жетекчилеринин аброюна шек келтирген пикирлер чыга баштады. Ошондуктан урматтуу мекендештер, бул сумманы саясатташтырып, кошуна өлкөлөр менен мамилелерди курчутпайлы.

Азыр дүйнө жүзүндө стадиондордун баасынын өсүшүнө себептер бар:

* металлдын кымбатташы;

* бетон;

* логистика;

* жумушчу күчү;

* инженердик системалар;

* VIP жана коммерциялык зоналар;

* инфляция;

* курулуш материалдарынын дүйнөлүк тартыштыгы.

Мындан тышкары Кыргызстан үчүн кошумча чыгымдар да бар:

* кар жүгү;

* кыштын сууктугу;

* жылытуу системалары;

* жер титирөөгө туруктуулук, күчтүү металлоконструкциялар.

Дагы бир айта кете турчу маселе, буга чейин айтылгандай эле Президентибиз Эсеп палатасы баш болгон башка органдардан турган комиссия түзүп, тыкыр текшерип чыксын деген тапшырма берди. Курулуш материалдары толук колдонулганбы, эмгек акылар толук берилгенби, акчалар уурдалып кеткен жокпу деген сыяктуу маселелер текшерилип, жыйынтыгы жалпы элге жарыяланат,-деп билдирет Алагөзов.

Тектеш кабарлар

Back to top button