Коом
2027-жылы Бишкек ЖЭБине көмүр толугу менен Кочкордон ташылат

Кийинки жылдан тарта Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) керектүү көмүрдү толугу менен Кочкор районунан темир жол аркылуу ташуу каралууда. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан кабарлашты.
Ага ылайык, Бишкек ЖЭБине жылына жалпысынан 1,2 миллион тонна көмүр жеткирилет. Быйыл көмүрдүн жарымы Кочкордон, калган бөлүгү Балыкчыдан ташылууда.
Ал эми 2027-жылдан тартып ЖЭБге керектүү көмүрдүн баарын Кочкордон темир жол аркылуу жеткирүү пландалып жатат.
Эске салсак, быйыл узундугу 63 чакырымдан ашкан Балыкчы — Кочкор темир жолу пайдаланууга берилген. Жаңы темир жол Кочкордон көмүр ташууну уюштурууга шарт түзүүдө.



