Окуялар

Пакистандан импорттолгон жүк кайра кайтарылды

9-сентябрда «Кен-Сай» фитосанитардык көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Пакистандан импорттолгон жүк кайра кайтарылды. Бул тууралуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинен билдиришти.

Жүктүн курамында 18 миң 900 килограмм күрүч жана 745 килограмм куркума болгон. Партиянын жалпы салмагы 19 миң 645 килограммды түзгөн.

Фитосанитардык көзөмөл учурунда адистер продукциянын таңгагында милдеттүү маркировканын жок экенин аныкташкан.

Белгиленген фитосанитардык талаптар сакталбагандыктан, жүк Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилбей, кайра Пакистанга жөнөтүлдү.

Департамент мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу жана карантиндик талаптардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча иштерди улантып жатканын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button