Коом

Алмаз Айылчиев юстиция министрлигинин эмгек жамаатына тааныштырылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Юстиция министрлигинин эмгек жамаатына жаңы жетекчи – министр Алмаз Айылчиевди тааныштырды.

Аны дайындоо тууралуу тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Жаңы жетекчини тааныштырып жатып Данияр Амангелдиев Юстиция министрлигинин мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууда, ченемдик укуктук актыларга сапаттуу укуктук экспертиза жүргүзүүдө, ошондой эле юридикалык жардам көрсөтүү системасын өнүктүрүүдө маанилүү ролун белгиледи.

Ал юстиция органдарында активдүү реформаларды улантуунун жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.

Данияр Амангелдиев Алмаз Айылчиевге жана министрликтин жамаатына мындан аркы жооптуу иштеринде ийгиликтерди каалап, жаңы министрге Мамлекет Башчысы тараптан көрсөтүлгөн жогорку деңгээлдеги ишенимди өзгөчө белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button