Коом

Бишкектеги мурдагы борбордук мечит бузулууда

Бишкек мэриясы Гоголь көчөсүндөгү мурдагы борбордук мечиттин бузулуп жаткан видеосун жарыялады.

Белгилей кетсек, анын ордуна жаңысы салынары айтылган. Эски имарат авариялык абалда болгондуктан реконструкциялоого мүмкүн эмес деп табылган болчу.

5,8 миң чарчы метр аймакта жайгашкан жаңы мечит 4200 адамга ылайыкталат. Намаз окуй турган жери 3,5 миң чарчы метрлик аянтты ээлейт. Эки кабаттуу имаратта жер алдындагы унаа токтотмо, кафе, кампа жана даарат алуучу жайлар болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button