Коом
Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы реформаларды жана ири долбоорлорду колдойт

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Наджи Бенхассин менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу тармактарында мындан аркы кызматташуу багыттарын талкуулашты.
Өз кезегинде Наджи Бенхассин Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өнүгүүсүн камсыздоого багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты улантууга Дүйнөлүк банктын даярдыгын дагы бир жолу ырастады.



