Кыргызстан жана БУУ тынчтык орнотуу чөйрөсүндөгү кызматташтыкты бекемдейт

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен БУУнун Тынчтык орнотуу операциялары боюнча башкы катчысынын орун басары Жан-Пьер Лакруанын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюму менен эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо жаатындагы кызматташтыгынын маселелерин, анын ичинде Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары алдыдагы ишмердигинин алкагындагы кызматташуу маселелерин талкууланды.
Өзгөчө көңүл алдын алуу дипломатиясын чыңдоо, тынчтык орнотуу миссияларынын реалдуу мандаттарын калыптандыруу, БУУнун персоналынын коопсуздугун камсыз кылуу, жарандык калкты коргоо, ошондой эле тынчтык орнотуу операцияларынын натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуу маселелерине бурулду.
Тараптар ошондой эле кыргызстандык аскер кызматчыларынын БУУнун тынчтык орнотуу миссияларына катышуусу боюнча пикир алмашып, тынчтык орнотуучу персоналдын коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары да бекемдөөгө, ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги алдыдагы мүчөлүгүнүн алкагындагы артыкчылыктарын ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.



