Бишкек менен Үрүмчү илим жана жасалма интеллект тармагында кызматташууну талкуулады

Бишкек шаардык мэриясында Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Кубанычбек Иманалиев менен Кытайдын Үрүмчү шаарынын илимий-техникалык делегациясынын жетекчиси, Үрүмчү шаарынын вице-мэри Шэнь Линь менен жолугушуу өттү.
Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, жолугушууда Бишкек менен Үрүмчүнүн ортосундагы достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Айрыкча илим, заманбап технологиялар жана жасалма интеллект тармагындагы кызматташууга көңүл бурулду.
Тараптар бул багыттарда практикалык кызматташууну өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти. Ушуга байланыштуу Бишкек тарапты кызматташтыктын келечегин мындан ары талкуулоо үчүн Үрүмчүгө барууга чакырышты.
Мындан тышкары, билим берүү жана жаштар алмашуусу маселелери каралды. Бишкек тарап жакында Бишкек шаарынын жаштар делегациясынын Үрүмчүгө болгон сапарын жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун катышуучулары мындай алмашууларды улантуу жана эки шаардын жаштарынын ортосунда түз байланыштарды чыңдоо маанилүү экенин белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча Бишкек менен Үрүмчүнүн ортосундагы кызматташтыкты улантууга жана өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.



