УКМК: Нарында жайыттан чогултулган каражаттан 36 миллион сомдон ашык зыян аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, УКМК Нарын облусундагы ЖӨБ органдарынын жана муниципалдык кызматтардын кызмат адамдары тарабынан жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү жыйноодо каржылык мыйзам бузууларга жол берилген фактыны аныктады.
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык, жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн жергиликтүү калктан жыл сайын төлөм алынат. Бирок, жыйналган акча каражаттары толук көлөмдө жергиликтүү бюджетке түшпөгөндүгү такталды.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы тарабынан 27 айыл аймагында жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгында келтирилген финансылык зыяндын өлчөмү 36 млн сомдон ашык болгондугу аныкталды.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы боюнча тиешеси бар кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилип, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.



