Коом
Ысык-Көл жана Соң-Көлдөн таштанды менен кошо эски торлор чыгарылды

17-сентябрда Ысык-Көлдө Бостери айылындагы Алтын кум эс алуучу жайынын тушунан суу астында тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Суучулдар кызматынын суучулдары тарабынан анда көлдөн болжол менен 200 килограмм таштанды чыгарылды.
Ошондой эле Нарын облусунун Соң-Көл көлүнүн акваториясынан болжол менен 2500 метр узундукта эски торлор чыгарылды.



