Коом

Кыргызстан менен Корея Республикасы чакан жана орто ишкердикти колдоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кореянын Чакан бизнести жана рынокту колдоо кызматынын (SEMAS) төрагасы Ин Тэ Ён менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чакан жана орто ишкердикти колдоо, тажрыйба алмашуу жана бизнести колдоонун натыйжалуу механизмдерин өнүктүрүү жаатында кыргыз-кореялык кызматташтыкты кеңейтүүнүн багыттарын талкуулашты.

Тараптар чакан бизнести өнүктүрүү, заманбап ыкмаларды киргизүү жана алдыңкы тажрыйба алмашуу маселелерин карашты.

«Кыргызстан үчүн чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инвестицияларды тартууга кошумча өбөлгө түзгөн шарттарды калыптандыруу маанилүү. Биз кореялык өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүүгө, инвестицияларды жана ишкердикти өнүктүрүүгө, ошондой эле өлкөбүздө жаңы долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө боло турган практикалык тажрыйбаны тартууга кызыкдарбыз», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен SEMAS ортосунда кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Документ чакан бизнести колдоо жана тажрыйба алмашуу жаатындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган.

Кол коюлган Меморандум ишкердикти колдоого, инвестицияларды тартууга жана аталган багытта кыргыз-кореялык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган биргелешкен демилгелерди мындан ары өнүктүрүүгө негиз түзөт. 

Тектеш кабарлар

Back to top button