Коом

УКМК: Ысык-Көлдө «Критикалык инфраструктура жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жыйын өтүүдө

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын УКМКнын Антитеррордук борборунун демилгеси менен 2026-жылдын 16-сентябрынан 19-сентябрына чейин Ысык-Көлдө Кыргыз Республикасынын «Критикалык инфраструктура жөнүндө» мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун көчмө жыйыны өтүп жатат.

Жыйындын максаты – мыйзам долбоорунун беренелерин кеңири талдап иштеп чыгуу, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана стратегиялык объектилердин операторлорунун позицияларын макулдашуу, ошондой эле критикалык инфраструктураны коргоо жаатындагы эл аралык тажрыйбаны эске алуу болуп саналат

Жыйындын ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Коопсуздук кеңешинин Катчылыгынын, министрликтердин, мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, стратегиялык объектилердин операторлорунун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык эксперттер катышууда.

Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Терроризмге каршы башкармалыгынын жана терроризмдин глобалдык коркунучтарына каршы күрөшүү боюнча Европа Биримдиги–БУУ инструментинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Жыйындын алкагында мамлекеттик органдардын жана операторлордун катышуусунда панелдик талкуулар өткөрүлүп, мыйзам долбоорунун негизги жоболору, анын ичинде объектилерди критикалык инфраструктурага киргизүүнүн критерийлери, категорияларга бөлүштүрүү тартиби, Реестрди жүргүзүү, операторлордун милдеттери, мониторинг жүргүзүү, инциденттерге чара көрүү механизмдери жана өткөөл жоболор талкууланууда.

Мыйзам долбоору боюнча иш жыйындын жүрүшү келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button