Окуялар
ӨКМдин мурдагы башчысы Бообек Ажикеев кармалды

Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Аскер прокуратурасы караган иште экс-министр кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатканы айтылган. Ошондой эле мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени белгиленген.
“ӨКМдин кызмат адамдары “Байтик” метеостанциясынын аймагында тиешелүү документтери жана уруксаты жок имарат курушкан. Ал Ала-Арча дарыясынан беш метр аралыкта, суу коргоо зонасында жайгашкан”, — деп айтылат маалыматта.
Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканы жана Бообек Ажикеев Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу абагына киргизилгени кошумчаланды.
Эске салсак, Ажикеев 2020-жылдын 13-октябрынан 2026-жылдын 16-февралына чейин ӨКМди жетектеген.



