Коом
Орточо 13 миң сом. 1-октябрдан тарта пенсия жогорулайт

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бир катар актуалдуу маселелери каралган аппараттык кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы талкууланды. Өзгөчө көңүл үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсияларды жогорулатууга даярдык көрүү маселесине бурулду.
Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, индексациянын жыйынтыгында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетет, ал эми жогорулоонун орточо өлчөмү 1 753 сомду түзөт.
Адылбек Касымалиев пенсияларды белгиленген мөөнөттө төлөп берүү үчүн бардык зарыл иш-чараларды өз убагында аягына чыгарууну тапшырды.



