Коом
23-сентябрга карата аба ырайы

Бүгүн республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометеорология кызматы билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Баткен өрөөндөрүндө +26…+31, Жалал-Абад, Ош облустарында +27…+32, Талас чөлкөмүндө +23…+28, Ысык-Көл дубанында +21…+26, Нарын аймагында +20…+25 градус ысык болот.
Термометр Бишкекте +27…+29 градусту көрсөтөт.



