Коом

Мектептердеги окуучулардын өлүмү жана буллинг маселеси парламентте көтөрүлдү

Парламентте мектептердеги окуучулардын каза болушу жана буллинг көйгөйү көтөрүлүп, окуу жылы жаңы эле башталганына карабастан, Сузак жана Чаткал райондорунда окуучулардын сабалып каза болгон учурлары катталганы белгиленди.

Депутаттар бул фактыларды иликтеп, жергиликтүү бийлик органдарынын, мектеп директорлорунун, мугалимдердин жана жашы жете электер менен иштөө инспекторлорунун жоопкерчилигин кароого чакырышты.

Эл өкүлү Улукбек Карыбек уулу мектептердеги буллинг көйгөйү системалуу мүнөзгө ээ экенин белгиледи.

Анын айтымында, 2024–2026-жылдары сабоодон улам жети бала каза болгон. Мындан тышкары, өспүрүмдөр арасында 73 суицид фактысы катталган.

«Балдардын өлүмүнүн себептери боюнча эч ким талдоо жүргүзбөй жатат. Бул маселени эң жогорку деңгээлде чечүү зарыл. Парламент мектептердеги буллингге каршы күрөшүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап, атайын комиссия түзүшү керек», — деди.

Ал эми депутат Бурул Аманова мектептердеги буллинг жана рэкет маселесине арналган тегерек стол жума күнү өтөрүн айтып, тиешелүү мамлекеттик органдарды ага активдүү катышууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button