Кыргызстанда медициналык мекемелерде профилактикалык иш-чаралар күчөтүлөт

2026-жылдын октябрь айынан тартып Кыргызстандагы медициналык мекемелерде профилактикалык иш-чаралар күчөтүлөт. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги тиешелүү буйрук чыгарды.
Документке ылайык, стационарларда эпидемияга каршы иш-чаралар күчөтүлүп, зарыл болгон учурда кошумча керебеттерди уюштурууга даярдык көрүлөт. Ошондой эле алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдардын иши күчөтүлөт.
Адистердин маалыматына караганда, учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдө турат. Оорулардын деңгээли мезгилдик өзгөчөлүктөргө туура келет.
Көп жылдык байкоолорго ылайык, ОРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны адатта ноябрдын экинчи жарымынан декабрдын башына чейин көбөйөт.
Учурда ОРВИ жана сасык тумоого карата дозордук эпидемиологиялык көзөмөл улантылууда.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында текшерилген бейтаптардын арасынан күз-кыш мезгилинде өлкөдө кеңири тараган вирустар, анын ичинде аденовирус, респиратордук-синцитиалдык вирус, метапневмовирус, парагрипп жана риновирустар аныкталууда.



