Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы Түркиянын Стамбул шаарында салтанаттуу түрдө белгиленет. Бул тууралуу Консулдук билдирет.
Маалыматка ылайык, майрамдык кеченин программасы маданий жана оюн-зоок иш-чараларына бай болот. Анда көрүүчүлөргө театралдаштырылган көрсөтүүлөр тартууланып, жаңы долбоорлордун бет ачары өткөрүлөт.
Иш-чаранын концерттик бөлүгүндө Кыргызстандын таанымал өнөр ээлери өлкөнүн мекендештерине маанай тартуулайт. Концертке Кыргыз Республикасынын эл артисти Бек Борбиев, эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков, ырчылар Омар жана Малика Дина катышат. Салтанаттын алып баруучусу — Манас Алыкулов.
Иш-чаранын өтүүчү убактысы жана дареги:
• Датасы: 4-октябрь, саат 18:00.
• Дареги: Стамбул шаары, Türk Dünyası Kültür Mahallesi, Topkapı Kültür Parkı.
Уюштуруучулар Стамбулдагы бардык мекендештерди Эгемендүүлүк күнүн биргеликте белгилөөгө чакырат. Иш-чарага кирүү акысыз.



