Коом

Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 20-25 пайызга кыскарган

Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты акыркы 50 жылда болжол менен 20–25 пайызга кыскарган. Талас бассейнинде бул көрсөткүч 40–45 пайызга жетет. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун илимий кызматкери, гляциолог Гүлбара Оморова билдирди.

Анын айтымында, мөңгүлөрдүн кыскарышынын негизги себеби — климаттын жылышы.

«Маселе мөңгүнүн жай мезгилинде эришинде эмес. Мөңгүнүн жай айларында эриши — негизи табигый процесс. Негизги көйгөй — кыш-жазда топтолгон масса менен жайында жоголгон массанын ортосундагы тең салмактын бузулушунда. Мөңгү жыл сайын жоготкон массасын кайра толук топтой албай калганда анын көлөмү азайып, аянты кичирейип, мөңгүнүн тили артка чегине баштайт. Бул процесс келечекте дарыялардын агымына жана суу ресурстарына таасир этиши мүмкүн», — деди эксперт.

Оморованын айтымында, ал изилдеп жаткан Адыгине мөңгү системасында да өзгөрүүлөр ачык байкалат. Спутниктен алынган маалыматтарга ылайык, Адыгине мөңгүлөрүнүн аянты 1962-жылдан 2025-жылга чейин болжол менен 20 пайызга азайган. Эгерде сандар менен айтсак, 3,5 чарчы чакырымдан 2,8 чарчы чакырымга чейин түшкөн.

Эксперт климаттын өзгөрүшүнөн тышкары, айрым аймактарда кен казуу, жол куруу жана чаң сыяктуу антропогендик факторлор да мөңгүлөрдүн эришин күчөтүшү мүмкүндүгүн кошумчалады.

Гляциолог мөңгүлөрдүн абалына үзгүлтүксүз илимий мониторинг жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button