Спорт

Кыргызстан футзал боюнча Азия кубогун өткөрүүнү сунуштады

Кыргыз футбол биримдиги 2028-жылы өтө турган футзал боюнча Азия кубогун өткөрүү укугуна Кыргызстандын талапкерлигин Азия футбол конфедерациясына (АФК) расмий сунуштады.

Биримдиктен билдиришкендей, турнирди өткөрүүгө даярдык боюнча АФКнын талаптарына ылайык спорттук объектилер, машыгуу аянтчалар, мейманкана жана транспорттук-логистикалык инфраструктура камтылган концепция берилди.

АФК өкүлдөрүнүн Кыргызстандын инфраструктурасын жана мелдешти өткөрүүгө даярдыгын баалоо үчүн инспекциялык сапары 30-сентябрдан 2-октябрга чейин өтөрү пландалууда. Анын жыйынтыгы жана берилген документтердин негизинде турнирди кабыл алуучу өлкө аныкталат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан буга чейин футзал боюнча Азия кубогунун тандоо баскычынын беттештерин үч жолу өткөргөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button