Суук тийүү күчөгөн мезгилде туура тамактануунун маанилүү эрежелери

Лимон, имбирь же витаминдүү аралашмалар сезондук вирустардан толук коргой албайт. Бирок туура тамактануу организм үчүн маанилүү. Бул тууралуу нутрициолог Наталья Лясковская билдирди.
Адистин айтымында, суук тийүү күчөгөн мезгилде жайкы рациондон өзгөчө башкача тамактануунун зарылдыгы жок. Жыл бою тең салмактуу тамактануу керек. Рационду «Гарвард табагы» же Жер Ортолук деңизинин тамактануу үлгүсүнө негиздөөгө болот.
Нутрициолог ар бир витамин же микроэлементти өзүнчө эсептей бербестен, табактагы тамак-аштын жалпы курамына көңүл бурууну сунуштайт. Анын болжол менен жарымын жашылча-жемиштер, калган бөлүгүн дан азыктары жана белокко бай азыктар түзүшү керек. Мисалы, гречка балык жана жашылчалар менен, жасмык салат менен же күрөң күрүч кошулган тоок эти.
Суук тийүү маалында кайсы бир микроэлементке бай азыктарды ашыкча көбөйтүүнүн кажети жок. Мисалы, С витамини көп азыктарды көп жегендин өзү адамды вирустук инфекциядан коргой албайт. Негизги көйгөй организмге керектүү заттар узак убакыт бою жетишсиз болгон начар жана бир түрдүү тамактанууда жаралат.
Ошондой эле суюктукту жетиштүү ичүү маанилүү. Суу вирусту организмден «жууп чыгарбайт», бирок организмдин жана былжыр челдердин нормалдуу иштеши үчүн зарыл. Суу, кант кошулбаган чай, морс же кант көп кошулбаган компот ичсе болот.


