Коом

Эл аралык конференцияда коррупциянын алдын алуунун заманбап механизмдери талкууланды

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

2026-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Борбордук Азия боюнча Конрад Аденауэр фонду менен биргеликте «Коррупциянын алдын алуунун заманбап механизмдери: эл аралык стандарттар жана регионалдык практикалар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нуруйпа Муканова, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, бажы кызматынын генерал-майору Улан Кимсанов, ошондой эле мамлекеттик органдардын, эксперттик коомчулуктун, эл аралык уюмдардын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тиешелүү ведомстволорунун өкүлдөрү катышты.

Конференциянын негизги максаты — коррупциянын алдын алуу жаатындагы заманбап ыкмаларды талкуулоо, эл аралык стандарттар жана регионалдык тажрыйбалар менен таанышуу, ошондой эле коррупциялык укук бузуулардын алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин өркүндөтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу, аларга өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды жоюу, коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана санариптик инструменттерди колдонуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын тажрыйбалары салыштырылып, коррупциянын алдын алуу боюнча колдонулуп жаткан механизмдер, учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн практикалык жолдору каралды.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар коррупциялык укук бузууларды жасоого түрткөн кайрылуулар тууралуу алдын ала эскертүү механизмдерин натыйжалуу колдонуу, мамлекеттик кызматкерлердин коррупцияга каршы укуктук аң-сезимин жогорулатуу жана жарандардын коррупциялык тобокелдиктер тууралуу маалымдуулугун күчөтүү боюнча сунуштарын билдиришти.

Тектеш кабарлар

Back to top button