Дүйнө

Россияда күзгү чакыруу өнөктүгүндө 120 миңге жакын адам аскерге алынат

Россияда күзгү чакыруу өнөктүгүнүн алкагында 120 миңге жакын адамды мөөнөттүү аскердик кызматка жөнөтүү пландалууда. Бул тууралуу РФ Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялык башкармалыгынын башчысы, генерал-полковник Евгений Бурдинский «Красная звезда» гезитине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, чакырылуучулар 10-октябрдан тартып чогултуу пункттарынан кызмат өтөөчү жерлерине жөнөтүлө баштайт.

Башкы штабдын өкүлү чакырылуучуларды Донецк жана Луганск элдик республикаларында, Херсон жана Запорожье облустарында, ошондой эле Украинанын аймагында атайын аскердик операциянын милдеттерин аткарууга жөнөтүү каралбаганын билдирди.

Бурдинскийдин маалыматына ылайык, 2026-жылдын апрель–июль айларындагы жазгы чакыруу өнөктүгүндө мөөнөттүү аскердик кызматка 140 миңден ашуун адам жөнөтүлгөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button