Японияда туруктуу жашоого уруксат алуу 20 эсеге кымбаттады

Японияда туруктуу жашоого уруксат (ПМЖ) алуу үчүн төлөм 20 эсеге көбөйүп, 200 миң иенге (болжол менен 1270 доллар) жетти. Мындан тышкары, ПМЖ алуу үчүн киреше, пенсия жана жапон тилин билүүгө байланыштуу талаптар да өзгөртүлдү. Бул тууралуу BBC News жазды.
Жаңы талаптар күчүнө кире электе иммиграция кызматтарынын кеңселеринин алдында узун кезектер пайда болгон. Чет өлкөлүктөр документтерин өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин тапшырууга аракет кылышкан.
1-октябрдан тартып убактылуу жашоого уруксат үчүн төлөм да жогорулатылды. Буга чейин статусун өзгөртүү же өлкөдө болуу мөөнөтүн узартуу үчүн 6 миң иен төлөнсө, эми төлөм суралган мөөнөткө жараша эсептелет. Үч айга чейинки мөөнөткө уруксат алуу үчүн төлөм 10 миң иенден (болжол менен 63 доллар) башталат.
Ал эми июль айында Япония 1978-жылдан бери биринчи жолу визалык төлөмдөрдү көтөргөн. Алар бир эле учурда беш эсеге көбөйгөн.
2025-жылы премьер-министр болуп шайланган Санаэ Такаити миграциялык саясатты өкмөтүнүн негизги багыттарынын бири катары белгилеген.
Калктын улгайып баратканына байланыштуу Японияга чет өлкөлүк жумушчу күчү керек. 2025-жылдын аягындагы маалымат боюнча, калкы болжол менен 122 миллион адамды түзгөн өлкөдө 4 миллионго жакын чет өлкөлүк жаран жашаган.



