Коом

“Бишкек Аренанын” ачылышында 5 миң милиционер тартипти камсыздайт

Бүгүн “Бишкек Арена” стадионунун расмий ачылыш аземи өтөт. Буга байланыштуу коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого 5 миң милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземге байланыштуу көрүүчүлөрдүн көп келиши жана аренага жакын аймактарда транспорттук жүктөмдүн көбөйүшү күтүлүүдө.

Буга байланыштуу “Бишкек Аренага” жакын аймактарда жеке автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Көрүүчүлөрдү иш-чара өтүүчү жерге жеткирүү үчүн атайын шаттл-автобустар каттайт.

ИИМ жарандарга жол жүрүү маршруттарын чектөөлөрдү эске алуу менен алдын ала пландап, милиция кызматкерлеринин талаптарын аткарууну жана коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.

Мындан тышкары, бүгүн Бишкек шаарындагы мамлекеттик, муниципалдык жана билим берүү мекемелери онлайн форматта иштеп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button