Маданият

Опера жана балет театрында «Тагдыр дөңгөлөгү» концерти өтөт

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 10-октябрда саат 17:00дө «Тагдыр дөңгөлөгү» аттуу концерт өтөт.

Театрдын маалыматына караганда, концерттин программасында дүйнөлүк жана улуттук классиканын жаркын жана популярдуу чыгармалары аткарылат. Аларды театрдын опера солисттери, академиялык хору жана симфониялык оркестри тартуулайт.

Чыгармаларда каармандардын образдары, алардын тагдырлары жана ички толгонуулары чагылдырылат.

Ар бир музыкалык чыгарма адамзатка түбөлүктүү болуп келген, ар бир адамга жакын темалар — сүйүү жана жалгыздык, берилгендик жана тандоо, үмүт жана өзгөрүүлөрдүн сөзсүз келиши тууралуу чакан баянга айланат.


Дирижёрдук пультта Захар Бутенко жана Семетей Султанов турушат.
Режиссёр — Найля Рахмадиева.
Башкы хормейстер — Кыргыз Республикасынын эл артисти Карагул Тиленчиев.

Тектеш кабарлар

Back to top button