Президент «Бишкек Арена» тууралуу сынга жооп берди

«Бишкек Арена» стадионунун ачылышында президент Садыр Жапаров спорттук жайдын курулушун сындагандарга жооп берди.
Анын айтымында, айрымдар стадиондун ордуна завод же фабрика куруу керектигин айтып жатышат. Бирок акыркы алты жылда өлкөдө 521 завод жана өнөр жай ишканасы, ошондой эле мектеп, бала бакча, оорукана жана маданий мекемелерди камтыган 1 075 ири объект курулган.
Жапаров стадион да өлкөгө экономикалык пайда алып келе аларын белгиледи.
Президент ошондой эле Кыргызстандын экономикалык өсүшүн Орусия-Украина жаңжалы жана 2022-жылдан кийинки экспорттун көбөйүшү менен гана байланыштырган пикирлерди четке какты.
Анын сөзүнө караганда, өсүш 2021-жылы эле башталган жана анын негизги себептеринин бири коррупция жана криминал менен күрөшүү болгон.
Жапаров 2027-жылы 111 мектеп куруу жана 44 райондук оорукананын бөлүмдөрүн бүтүрүү милдети коюлганын билдирди. Анын айтымында, 2028-жылдан тартып мектептердин жана башка социалдык объектилердин жетишсиздиги көйгөй болбошу керек.



