Коом
«Бишкек аренанын» ачылышына 60 миңден ашуун адам келип, 5 миң милиция иштеди

Кечээ «Бишкек аренанын» ачылыш салтанатына 60 миңден ашуун көрүүчү келди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББинин маалымат кызматы билдирди.
Шаардык милиция коомдук тартипти 5 миң тартип сакчысы көзөмөлдөп турганын, иш-чара тынч өткөнүн билдирди.
Ошондой эле стадионго жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочуларына түшүнүү менен мамиле кылганы үчүн ыраазычылык айтты.
Эске салсак, 5-октябрда кечинде жаңы стадиондун расмий ачылышы болуп, ага президент Садыр Жапаров катышып, жергиликтүү жана коңшу мамлекеттерден келген жылдыздардын катышуусунда ири программадагы концерт болду.



