Коом

Эмдөөдөн баш тартуунун кесепетинен бала ооруп калса жоопкерчиликти ата-энеси тартат

Профилактикалык эмдөөдөн баш тартуунун кесепетинен бала ооруп калган учурда жоопкерчиликти ата-энеси же анын мыйзамдуу өкүлдөрү тартат. Бул тууралуу бүгүн өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, мындай чара Кыргыз Республикасынын «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» мыйзамынын 84-беренесинде каралган.

«Мисалы, кызамык 5–10 жылдан кийин олуттуу ооруларга алып келиши мүмкүн. Мындай диагноз менен ооругандар Кыргызстанда жана Өзбекстанда буга чейин кайрылып жатышат. Кызамыктын акыркы эпидемиясы учурунда биз 26 баладан айрылдык. Эмделбеген жарандардын саны көбөйгөндүктөн, ар бир 3–4 жыл сайын оорунун көбөйүшү байкалат. Ошондуктан биз ар дайым айтабыз: мыйзамда укуктар гана эмес, милдеттер да бар. Анткени сөз мамлекеттик коопсуздук жөнүндө болуп жатат», — деди Гүлбара Ишенапысова.

Эгер «Ата-энелердин эмдөөдөн баш тартуусу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү пландалып жатабы?» деген журналисттердин суроосуна министрдин орун басары:

«Эгер эпидемиялар кайталана берсе жана жаңы коркунучтар менен чакырыктар пайда болсо, Саламаттык сактоо министрлиги ата-энелердин эмдөөдөн баш тартуу укугуна гана эмес, алардын милдеттерине да көңүл буруу маселесин карайт. Албетте, кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө сөз болуп жаткан жок, бирок кандай болгон күндө да жоопкерчилик болушу керек», — деп жооп берди.

Буга чейин республикада жыл сайын диний ишенимдерге, вакцинанын сапатына болгон күмөн саноолорго жана медициналык каршы көрсөтмөлөргө байланыштуу профилактикалык эмдөөдөн баш тартуунун 20 миңге чейинки учурлары катталары маалымдалган.

Тектеш кабарлар

Back to top button