Коом

Депутат Советбек Рустамбек уулу жашы тууралуу калп айтып эркектер менен мамилеге барган кыздарды жоопкерчиликке тартууну сунуштады

Жашы тууралуу жалган маалымат берип, эркектер менен мамилеге барган жаш кыздарды да жоопкерчиликке тартуу керек. Мындай пикирди депутат Советбек Рустамбек уулу билдирди.

Ал 7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айрым 16 жаштагы кыздар өздөрүн 18 жаштамын, башкача айтканда, бойго жеткенмин деп айтып коюшарын белгиледи.

«Ушунун айынан канча жаш жигиттерибиз 15-18 жылга соттолуп жатат! Эгер жигиттер атайын тузакка түшүрүлгөнү аныкталса, кыздарды да жоопкерчиликке тартуу керек. Ушундай мыйзам долбоорун иштеп чыгуу зарыл», — деди депутат.

Тектеш кабарлар

Back to top button