Министрлик алма импортун 6 айга чектөөнү сунуштады

Кыргызстанда алма импортун 6 айга чектөө сунушталууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, алма импортун 6 айга убактылуу токтотуу боюнча демилге айыл чарба тармагындагы ички өндүрүштү колдоо жана 2026-жылдагы алма түшүмүн өз убагында өткөрүүгө шарт түзүү максатында министрлик тарабынан көтөрүлдү.
Учурда тиешелүү токтомдун долбоору даярдалып жатат. 2026-жылы Кыргызстанда болжол менен 179,4 миң тонна алма өндүрүлүшү күтүлүүдө. Республика боюнча мөмө берип жаткан алма бактарынын жалпы аянты 26,3 миң гектарды түзөт.
Сунушталып жаткан чара ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн сезондук түшүмүн өткөрүүгө шарт түзүүгө багытталган. Ошол эле учурда демилгени кароодо ички рыноктун алма менен камсыз болушуна жана продукциянын калк үчүн жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулат.
Алма импортуна убактылуу чектөө киргизүүнүн акыркы мөөнөтү жана колдонуу шарттары тиешелүү токтомдун долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча аныкталат.



