Коом

10-октябрда «Ала-Тоо» аянтынын аймагында унаалардын кыймылына чектөө киргизилет

10-октябрда «Ала-Тоо» аянтынын аймагындагы айрым көчөлөрдө жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга байланыштуу төмөнкү көчөлөрдүн кесилиштеринде жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет:

  • Чүй проспектиси — Эркиндик проспектиси;
  • Чүй проспектиси — Панфилов көчөсү;
  • Панфилов көчөсү — Пушкин көчөсү;
  • Панфилов көчөсү — Абдумомунов көчөсү;
  • Фрунзе көчөсү — Орозбеков көчөсү;
  • Фрунзе көчөсү — Раззаков көчөсү;
  • Эркиндик проспектиси — Абдумомунов көчөсү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочулардан каттамдарын алдын ала пландап, айланып өтүү үчүн башка жолдорду колдонууну өтүндү.

Тектеш кабарлар

Back to top button